Кыргыз Республикасында малды жана үй канаттууларын бир жолку эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө

Басылмалардын датасы: 19.02.2026


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы №761 токтому менен бекитилген 2025-жылга карата cтатистикалык  Программасын жана  “Кыргыз Республикасынын аймагында 2025-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларын бир жолку эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  биргелешкен буйругун аткаруу максатында, 2025-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгиленген аймакта малды жана үй канаттууларын кайра эсепке алууну текши метод менен өткөрүштү.

Мындан тышкары өзүнчө жайгашкан объектилерде (кыштоолордо, кой короолордо, фермаларда) малды жана үй канаттууларын каттоо атайын түзүлгөн райондук, шаардык комиссиялар тарабынан жүргүзүлдү.

Малга жана үй канаттууларына жүргүзүлгөн санактын жыйынтыгы республикада айыл чарбасындагы малдардын негизги түрлөрүнүн санынын өсүү тендециясы сакталып жаткандыгын көрсөтүп турат. Алсак, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бардык категориялардагы чарбаларда кармалган ири мүйүздүү мал 1 млн. 859 миң баш болуп, алардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайызга, кой-эчкилер – 6 млн. 331 миң башты түзүп, бул  0,8 пайызга, үй канаттуулары – 8 млн. 650 миң ​​башты түзүп,  11,9 пайызга көбөйгөн. 2025-жылдын аягына карата чочколордун саны 27,3 миң башты түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга көбөйгөн.

 

1-таблица. Мал жана үй канаттууларынын саны

                   (жылдын аягына карата чарбалардын бардык категорияларында, миң баш)

 

2024

2025

2025    2024 карата

     

 

+,-

% менен

 

 

 

 

 

 

 

Ири мүйүздүү мал

1 828 ,8

1 859,0

30,2

101,7

 

Уйлар

918,5

934,3

15,8

101,7

 

Койлор жана эчкилер

6 280,3

6 331,6

51,3

100,8

 

Чочколор

26,6

27,3

0,6

102,4

 

Жылкылар

553,5

566,0

12,5

102,3

 

²й канаттуулары

7 731,1

8 650,1

919,0

111,9

 

 

 

Мындан тышкары республиканын чарбаларынын бардык категорияларында 2025-жылдын аягына карата коен -11,3 миң баш, төө - 217  баш жана 155,9 миң аары уюгу болгон.

Облустар жана райондор  боюнча толук маалыматтар, расмий сайтында жайгаштырылган жыйнакта берилген.

 


Акыркы жаңылоо: 19.02.2026, 11:50