Техникалык ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу жолугушуусун өткөрүү жөнүндө
Басылмалардын датасы: 10.04.2026
9-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде статистикалык максаттарда административдик маалыматтарды пайдалануу үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча Техникалык ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү - жумушчу топтун мүчөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Юстиция министрлигинин, Билим берүү министрлигинин, Социалдык фонддун, Жогорку соттун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык системалардын сүрөттөлүшүнө талдоо жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирүүчү маалыматтарынын тизмеси талкууланды.
Мындан тышкары, «Административдик маалыматтарды пайдалануу максатында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү стратегиясынын» долбоору каралды. Бул документте административдик маалыматтарды статистикалык максаттарда пайдалануу маселелери, алардын артыкчылыктары жана потенциалдуу тобокелдиктери, маалыматтардын сапатынын аспектилери, ошондой эле административдик маалыматтарды берүүчүлөр менен натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү түзүү ыкмалары чагылдырылган.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар административдик маалыматтарды пайдаланууну кеңейтүүгө жана расмий статистиканын сапатын жогорулатууга багытталган андан аркы системалуу өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын ырасташты.




