Улутстатком 2024-жылы үчүн региондук дүң продукттун эсептөөлөрүн аяктады
Басылмалардын датасы: 05.12.2025
Ички дүң продукт (ИДП) 2024-жылы 1 582,8 млрд. сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга жогорулады жана бул республиканын бардык региондорунда анын жогорулашы менен камсыз болду. Эң көп өсүш Бишкек шаарында – 15,8 пайызга, Чүй облусунда – 11,7 пайызга, Ош облусунда жана Ош шаарында – 10,3 пайызга белгиленди.
ИДПнын көлөмүндө эң көп үлүштү Бишкек шаары – 47 пайызды, Чүй облусу-13 пайызды жана ошондой эле Жалал-Абад облусу - 10 пайызды ээледи.
Толугураак маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот: https://www.stat.gov.kg/kg/statistics/nacionalnye-scheta/
