Улутстатком өндүрүш ыкмасы менен чейректик улуттук эсептерди түзүү боюнча иштерди аяктады
Басылмалардын датасы: 03.11.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2019-жылдан 2025-жылга чейинки өндүрүш ыкмасы менен чейректик улуттук эсептерди (ЧУЭ) эсептөөнү аяктагандыгы жөнүндө маалымдайт. Бул иштер Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн Эл аралык Валюта Фондунун региондук өнүктүрүү борборунун реалдуу сектор боюнча кеңешчисинин практикалык консультациялык колдоосу менен жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, чейректик улуттук эсептер (ЧУЭ) экономикадагы учурдагы өзгөрүүлөрдүн кыска мөөнөттөгү так сүрөттөлүшүн түзүү үчүн зарыл, анткени алар ИДПнын жылдык эсептөөлөрү берген сүрөттөлүшкө караганда өз убагында жана объективдүү маалымат берет. ЧУЭ – бул таза (дискреттүү) негизде оңдолгон жана жакшыртылган көрсөткүчтөр, анткени жылдык кумулятивдик маалыматтар ар кандай алдын ала бааларга негизделет.
ЧУЭ жогорку инфляция шарттарында, ошондой эле салыштырмалуу баалардын кескин өзгөрүүлөрүн эсепке алууда өзгөчө роль ойнойт. Мындан тышкары, дискреттик негизде ИДП боюнча чейректик маалыматтардын сериясы экономикалык маселелерди талдоо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл жана учурдагы мезгилдеги экономикалык өнүгүүгө байкоо жүргүзүүгө, кабыл алынган чаралардын жана тышкы факторлордун таасирине баа берүүгө, ошондой эле экономикадагы жагымсыз тенденцияларды өз убагында оңдоого мүмкүндүк берет.
Өндүрүш ыкмасы боюнча чейректик ИДП көрсөткүчтөрүн жарыялоо мөөнөтү чейректик отчеттук мезгилден кийинки 90-күнгө белгиленет. ЧУЭнин мөөнөттүк динамикалык катарлары чейрек сайын кийинки чейрек менен толукталып турат жана Улутстаткомдун расмий сайтындагы "Динамикалык таблицалар" бөлүмүнө жайгаштырылат: https://www.stat.gov.kg/ru/statistics/nacionalnye-scheta/
