Улуттук статистика комитети: Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына экспорттолгон товарлардын динамикасы боюнча түшүндүрмө
Басылмалардын датасы: 07.08.2026
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына товарларды экспорттоо көлөмү 738,5 млн.АКШ долларын түздү. 2021-жылга салыштырмалуу (бул көрсөткүч 393,3 млн.АКШ долларын түзгөн) экспорттун көлөмү 87,8 пайызга, же 345,2 млн.АКШ долларына өстү.
Кыргыз Республикасынын жалпы экспорттук көлөмүндөгү Россия Федерациясынын үлүшү да жогорулады — 2021-жылдагы 14,3 пайыздан 2025-жылы 24,4 пайызга чейин, же 10,1 пайыздык пунктка өстү.
