Улутстатком айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча окуу семинарларынын экинчи этабын өткөрүүдө

Басылмалардын датасы: 18.02.2026


2026-жылдын 16-21-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча окуу семинарларынын экинчи этабын өткөрүүдө.

Семинар республиканын аймактарында айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүүгө тартылган шаардык жана райондук башкармалыктардын, ошондой эле шаардык жана райондук бөлүмдөрдүн каттоо бөлүмдөрүнүн координаторлоруна, өкүлдөрүнө, башкы, жетектөөчү адистерине жана адистерине арналган.

Иш-чаранын максаты — адистердин квалификациясын жогорулатуу жана каттоону санариптик технологияларды колдонуу менен сапаттуу өткөрүүгө даярдоону камсыз кылуу болуп эсептелинет. Семинардын алкагында катышуучулар маалыматтарды жыйноо үчүн колдонулуучу мобилдик тиркеменин иштеши, ошондой эле каттоо учурунда маалыматтарды жыйноону координациялоо жана көзөмөлдөө үчүн арналган инструктордук кабинеттин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышат.

Семинардын өткөрүлүшү айыл чарба каттоосуна даярдыктын маанилүү этабы болуп саналат жана жыйналуучу статистикалык маалыматтардын толуктугун, тактыгын жана өз убагында чогултулушун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.


Акыркы жаңылоо: 18.02.2026, 14:28