Улутстатком колдонуучулардын канааттануу деңгээли боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө
Басылмалардын датасы: 24.11.2025

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өзүнүн ишмердүүлүгүнө жана берилүүчү статистикалык маалыматтарга колдонуучулардын канааттануу даражасын аныктоо боюнча сурамжылоо баштады.
Сурамжылоонун максаты — жарандардын, уюмдардын жана башка колдонуучулардын статистикалык маалыматтын сапаты, маалыматка жеткиликтүүлүгү жана комитеттин расмий сайтынын иши жөнүндө пикирин билүү.
Алынган жооптор сервистерди жакшыртууга, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана статистиканы бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга жардам берет.
Нацстатком бардык колдонуучуларды өз пикирин билдирүүгө жана Кыргызстандын улуттук статистикасынын өнүгүшүнө салым кошууга чакырат.
