Улутстатком административдик маалыматтарды пайдалануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтордун биринчи жыйынын өткөрдү

Басылмалардын датасы: 14.10.2025


Административдик маалыматтарды статистикалык максаттарда пайдалануу боюнча ведомстволор аралык координациялык жана техникалык жумушчу топтордун жыйыны болуп өттү.
 
Жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуунун бирдиктүү системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Административдик булактарды пайдалануу респонденттерге жүктү азайтууга, маалымат чогултуунун кайталанышын жоюуга, маалыматтардын сапатын жана толуктугун жогорулатууга, ошондой эле алардын ыкчамдуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
 
Эл аралык тажрыйба тастыктагандай административдик маалыматтарга өтүү статистиканы натыйжалуу, ал эми саясий чечимдерди негиздүү кылат.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун адистери административдик маалыматтарды пайдалануунун маанилүүлүгү, ошондой эле мамлекеттик органдардын социалдык статистикада, эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасында, демографиялык статистикада, тышкы соодада жана процесстерди оптималдаштырууда маалыматтарды пайдалануу мисалдары жөнүндө маалымат беришти.
 
Жыйындын катышуучулары мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтык системаларды, маалыматтык системаларды интеграциялоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле биргелешкен иш-аракеттердин планын талкуулашты.
 
 
 
 
 
 
 

Акыркы жаңылоо: 14.10.2025, 19:55