Басылмалардын датасы: 27.03.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлери үчүн статистикалык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Тренинг расмий статистикалык маалыматтарды пайдаланууда мамлекеттик кызматкерлердин компетенциясын жогорулатууда маанилүү кадам.
Тренингдин максаты-статистикалык маалыматты натыйжалуу талдоо жана колдонуу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди зарыл болгон билим жана көндүмдөр менен камсыз кылуу. Бул отчеттуулуктун сапатын жакшыртууга, маалыматтардын ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде башкаруу чечимдерин натыйжалуу кабыл алууга жардам берет.
Тренингдин жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери катышуучуларды төмөнкүдөй негизги темалар менен тааныштырышты:
-
Статистикалык сабаттуулуктун негиздери;
-
Айыл чарба статистикасы, маалымат булактары жана эсептөө ыкмалары;
-
Өнөр жай статистикасы;
-
Статистикалык маалыматты жайылтуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү.
Маалыматтар менен иштөөнүн практикалык аспектилерине, ошондой эле бардык деңгээлдерде башкарууну жакшыртуу үчүн аны туура чечмелөөнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Улутстатком башка мамлекеттик органдар үчүн ушул сыяктуу тренингдерди өткөрүүнү улантат, бул мамлекеттик кызматкерлердин арасында статистикалык сабаттуулукту ар тараптуу жайылтууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мындай иш-чаралар чечимдерди кабыл алуу процесстерин ачык-айкын жана расмий маалыматтарга таянуу менен мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткому статистикалык сабаттуулукту жогорулатуу жана расмий статистикалык маалыматты пайдалануу боюнча жигердүү иш алып барууда.