Улуттук статистика комитети Корея Республикасынын Статистика башкармалыгынан сервердик жабдууларды кабыл алды

Басылмалардын датасы: 23.09.2025


2025-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз борборунда сервердик жабдууну тапшыруу боюнча расмий азем болуп өттү.

Иш-чара 2024–2028-жылдарга карата расмий өнүгүүгө көмөктөшүү программасынын алкагында Түштүк Корея Республикасынын Статистикалык башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу» аттуу гранттык долбоордун алкагында өткөрүлдү.
 
Иш-чаранын ачылыш сөзүндө Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, статистиканын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кореялык тарапка ыраазычылык билдирип, техникалык базаны жаңыртуунун маанисине токтолду:
 

«Бүгүн биз санариптештирүү тууралуу көп сөз кылабыз. Бирок санариптик статистика заманбап инфраструктурасыз мүмкүн эмес. Серверлер жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору — бул биздин системанын жүрөгү. Алар маалыматтардын чоң көлөмүн сактоону, электрондук формалардын туруктуу иштешин, статистикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыздайт. Бул жабдуулардын жардамы менен биз отчётторду электрондук форматта чогултууга өтүп, сурамжылоолордун мөөнөтүн кыскартып, көрсөткүчтөрдүн сапатын жана тактыгын жогорулата алабыз», — деп белгиледи Б.Ж. Кудайбергенов.

 


Акыркы жаңылоо: 23.09.2025, 10:47