Кыргызстан дүйнөлүк статистикалык аянтчада: Улутстатком БУУнун Статистика комиссиясынын 57-сессиясына катышты

Басылмалардын датасы: 10.03.2026


2026-жылдын 3–6-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов расмий статистика тармагындагы башкы эл аралык иш-чара болуп саналган БУУнун Статистика комиссиясынын 57-сессиясынын ишине катышты. Сессия Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп, дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн улуттук статистикалык кызматтардын жетекчилерин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту.

БУУнун Статистика комиссиясынын 57-сессиясынын алкагында эл аралык статистикалык коомчулуктун алдында турган эң актуалдуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкарууда, натыйжалуу социалдык саясатты иштеп чыгууда жана Туруктуу өнүгүү максаттарын мониторинг кылууда социалдык-демографиялык статистиканын мааниси өсүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле административдик маалымат булактарын кеңири колдонуу, статистикалык реестрлерди өнүктүрүү жана бирдиктүү идентификаторлордун негизинде маалыматтарды интеграциялоо зарылдыгы белгиленди.

Саламаттык сактоо статистикасы боюнча маселелерди кароодо кыргыз тарап улуттук саламаттык сактоо маалымат системаларын бекемдөөгө жана жарандык абал актыларын каттоо системаларын өнүктүрүүгө багытталган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгелерин колдоду. Ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо принциптерин так сактоо менен санариптик чечимдерди жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Улуттук эсептерди өркүндөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасы Улуттук эсептер системасынын 2025-жылдагы версиясын (СНС-2025) киргизүүгө даярдык көрүүнүн актуалдуулугун белгилеп, жаңы стандарттарга өтүү үчүн эл аралык методологиялык жана техникалык колдоо алууга кызыкдар экенин билдирди.

Айыл чарба статистикасы боюнча талкууларда кыргыз тарап БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) айыл чарба статистикасын модернизациялоого жана геомейкиндиктик, спутниктик маалыматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган аракеттерин колдоду. Ошондой эле Кыргызстанда маалыматтарды чогултуунун электрондук куралдарын жана геомейкиндиктик технологияларды колдонуу менен улуттук айыл чарба каттоосун өткөрүү пландалып жатканы белгиленди.

Сессияда Туруктуу өнүгүү максаттарын мониторинг кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Азыркы учурда Кыргызстандын улуттук статистикалык системасы ТӨМдүн 217 көрсөткүчүн мониторинг кылууда, алардын маалыматтары жана метадайындары SDMX форматында улуттук платформада үзгүлтүксүз жайгаштырылып турат.

57-сессиянын жүрүшүндө Улуттук статистика комитетинин делегациясы улуттук статистикалык кызматтардын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Венгриянын Борбордук статистика башкармалыгынын, Кытайдын Улуттук статистика бюросунун, Албаниянын Статистика институтунун (ИНСТАТ), Улуу Британиянын Улуттук статистика кызматынын жетекчилиги, ошондой эле БУУнун Статистика бөлүмү, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы, Азия жана Тынч океан үчүн БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) жана Евразия экономикалык комиссиясы менен жолугушуулар болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, статистикалык өндүрүштү санариптик трансформациялоо, альтернативдүү маалымат булактарын колдонуу, геомейкиндиктик технологияларды киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн 2027–2031-жылдарга карата орто мөөнөттүү программасын даярдоого эксперттик колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.


Акыркы жаңылоо: 10.03.2026, 15:53