Маданият жана искусство. Сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 02.11.2026


Маданият жана искусствону өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдагы токтому менен Маданият кызматкеринин күнү бекитилген. Анын негизги максаты - кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурасын пропагандалоо жана мындан ары сактоо болуп саналат.

Республикада театр искусствосунун пайда болушу өткөн кылымдын 20-жылдарынан башталган. Биринчи элдик театр 1918-жылы Каракол шаарында түзүлгөн, анын курамындагы ыктыярдуу труппа негизинен жергиликтүү мугалимдерден турчу. 1920-жылы ыктыярдуу театрлар Пишпек жана Нарын уездеринде да иштеген. Ал эми биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн.

Учурда республиканын аймагында 21 кесиптик театр иштейт. Алардын жалпы санынын ичинен 10 театр Бишкек шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда, үчөө Ош шаарында, экөө Нарын облусунда жана калган Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарынын ар биринде бирден театр жайгашкан. Театр коллективдери тарабынан 2025-жылы 1 931 спектакль жана оюн көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөр арасында Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Академиялык орус драма театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры эң популярдуу болуп саналат.

Республикада кинонун өнүгүшүнө токтолсок, революцияга чейинки Кыргызстанда Пишпек шаарындагы шаардын борборунда - Дубовый паркка курулган бир гана киноустановка болгон. Учурда республика фильмдерди көрсөтүү үчүн жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап кинозалдарга ээ. Республикада 32 кинотеатр иштейт, алар тарабынан 2025-жылы 247 миңден ашык сеанс көрсөтүлүп, 4 миллиондон ашык көрүүчү келген. Кинотеатрлардын эң көп саны Бишкек шаарына (10), Нарын облусуна (5), Ош шаарына (5) жана Чүй облусуна (4) туура келет.

Мындан тышкары, республиканын аймагында 2025-жылы клубдук типтеги 715 маданият мекемеси иштеген, алардын 90 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жайгашкан.

2025-жылдын аягына карата республикада 6 концерттик уюм иштеген, анын ичинен үчөө филармония. Концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 2025-жылы 197 концерт берилген. Көрүүчүлөр эң көп барган концерттер Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик филармониясы тарабынан өткөрүлгөндөр болду.

Республиканын аймагында 2025-жылы 66 музей иштеген, алар тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-краеведдик коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен көрсөтүлгөн. Келүүчүлөрдүн кызматына 211 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сунушталат.

Мындан тышкары, 2025-жылы кыргызстандыктардын жана республиканын конокторунун маданий эс алуусун маданият жана эс алуунун 49 паркы камсыз кылган, алардын 14ү Жалал-Абад облусунда жана 15и Бишкек шаарында жайгашкан.

 ____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social- nsc@mail.ru тел. +996(312) 664040

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда колдонуучулар алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.11.2026, 09:48