Мамлекеттик кызматтарды жакшыртууну каалайсызбы? Пикириңизди калтырыңыз — бул оңой!

Басылмалардын датасы: 24.09.2025


Улутстатком маалымдайт: мындан ары ар бир адам жаңы "Пикирлер"  АМТ тутуму аркылуу статистика органдарынын иши жөнүндө тез жана ыңгайлуу пикир калтыра алат.
 
Сиз жакшырта турган процессти байкадыңызбы? Же сизди тейлөөнүн  сапаты канааттандырабы?
Жөн гана Улутстаткомдун сайтында жайгашкан QR-кодду сканерлеңиз, ошондой эле анын ведомстволук жана аймактык органдарынын иши жөнүндө өз оюңуз менен бөлүшүңүз. Бул  бир нече мүнөттү талап кылат,  бирок ал  мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга жардам берет.
 
Сиздин пикириңиз маанилүү. Мындай өз ара аракеттенүүнүн аркасында оң өзгөрүүлөр байкалууда жана Улутстатком сиздердин пикириңиздердин негизинде өз кызматтарын жакшыртууну улантат.

Акыркы жаңылоо: 25.09.2025, 09:03