Айыл чарба каттоосунун жүрүшү республикалык деңгээлде талкууланды
Басылмалардын датасы: 02.04.2026
2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун катышуусунда айыл чарба каттоосунун жүрүшүн талкуулоо жана мониторинг жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан тартып өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан айыл чарба каттоосунун учурдагы жүрүшү, жетишилген жыйынтыктар, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлүү маселелер каралды.
Б. Кудайбергенов белгилегендей, 2026-жылдын 1-апрелине карата республика боюнча айыл чарба каттоосунун камтуу деңгээли 44,9% пайызды түздү. Мында эң жогорку көрсөткүчтөр Нарын облусунда — 64,9% катталды. Ошондой эле жогорку темптер Ош шаарында (60,8%) жана Бишкек шаарында (54,3%) байкалууда.
Өз сөзүндө Э. Акунбеков айыл чарба каттоосунун стратегиялык маанисин баса белгилеп, анын агрардык сектордун абалы тууралуу объективдүү маалыматтарды түзүүдө, натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо негизги ролду ойной турганын айтты.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каттоонун темпин ылдамдатууга багытталган тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, кадрдык маселелерди чечүү, каттоочуларды транспорт жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу, ошондой эле иштердин жүрүшүнө күн сайын мониторинг жүргүзүү милдеттери коюлду.
Өлкөдө айыл чарба каттоосу 2026-жылдын 10-апрелине чейин улантылат.

