Билим күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 02.09.2025


Кыргызстанда Билим күнү 1-сентябрда белгиленди.
Республиканын мамлекеттик бюджетинин чыгашаларынын көлөмүндө билим берүүгө жумшалуучу чыгымдардын үлүшү бир кыйла маанилүү болуп саналат жана өткөн беш жылда 22% жакынды түздү.
 
Балдарды мектепке даярдоодо эң маанилүү фактор болуп мектепке чейинки окутуу саналат. Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 31,2% көбөйдү жана 2024-жылы 257 миңден ашык болду. Ошол эле учурда 2024-жылы мектепке чейинки уюмдарга барган балдардын үлүшү 32,3% түзгөн, ал эми 2020-жылы ал 22% болгон.
 
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын үлүшү
 (1-6 жаштагы балдардын тиешелүү курактык тобуна карата пайыз менен)
 
 
2024/2025-окуу жылынын башталышында республикада 2 394 орто жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдары иштеген. Акыркы беш жылда окуучулардын саны 13% көбөйгөн жана 1,5 млн.адамды түзгөн, алардын ичинде 49% - кыздар жана 51% - балдар.
2024/2025-окуу жылында биринчи класска 158 миңден ашык окуучу кабыл алынган, бул 2020/2021-окуу жылына салыштырмалуу 5% көп.
 

Орто жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдарынын жана алардагы окуучулардын саны

 

2024-жылы республикада 98 билим берүүчү кесиптик баштапкы билим берүү уюмдары иштеп, аларда 28 миңден ашык окуучу окуган. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Алар негизинен, акыркы жылдары ушул кесиптерге карата суроо-талап көбөйгөн электромонтажниктер, автомеханиктер, электр газ менен ширетүүчүлөр, кийим тигүүчүлөр, айдоочулар, слесарлар, жыгач усталар, ашпозчулар, бухгалтерлер жана башкалар. Жалпысынан алганда, 2024-жылы кесиптик лицейлерди (окуу жайларды) аяктаган квалификациалуу жумушчулардын саны, 5 жыл ичинде 4 пайызга өсүү менен 26 миңге жакын адамды түздү.
 
2024-жылы республиканын аймагында 134 кесиптик орто билим берүү уюмдары иш алып барды жана аларда 130 миңден ашык (2020-жылы – 96 миңге жакын) студенттер билим алууда. 2024/2025-окуу жылында көбүрөөк белгилүү болгон адистиктер: билим берүү, экономика жана башкаруу, ошондой эле саламаттык сактоо болуп саналды.
 
2024/2025-окуу жылынын башына карата республиканын кесиптик жогорку билим берүүсү 57 башкы жогорку окуу жайларынын (2020/2021-окуу жылында - 57 ЖОЖ) тармагы болуп саналат. Аларда окуган студенттердин саны, 2020/2021-окуу жылынын башына салыштырмалуу 8% көбөйүү менен 231 миңден ашык адамды түздү.
 
 
___________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 04.09.2025, 16:28