Ата Мекенди коргоочулар күнү: Сандар жана фактылар
Басылмалардын датасы: 23.02.2026
Кыргыз Республикасында 23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Ушул датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү эркектердин саны, иш менен камсыз болушу жана социалдык-демографиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу негизги статистикалык маалыматтарды сунуштайт.
2026-жылдын башына карата республикадагы эркектердин саны 3,7 миллион адамды түзүп, бул жалпы калктын 49,5 пайызын түзөт. Эркектердин болжол менен үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ошол эле учурда ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарынын тургуну болуп саналат.
2024-жылдагы маалыматтар боюнча эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли 77 пайыздан ашкан. Иштеген эркектердин орточо жашы — 39 жаш. Экономикада эмгектенгендердин арасында эң көп үлүштү 35–39 жаш курагындагы топ түзөт — бул ар бир жетинчи иштеген эркек дегенди билдирет.
Эркектер негизинен экономиканын базалык тармактарында эмгектенишет. Алардын көбү курулуш, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу, ошондой эле энергия менен камсыздоо (электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба) тармактарында иштешет.
Демографиялык көрсөткүчтөр эркектердин үй-бүлөдөгү активдүү ролун да айгинелейт. 2024-жылы 45 миң эркек никеге турган. Никеге тургандардын басымдуу бөлүгү 20–29 жаш курагында. Эркектердин биринчи никеге тургандагы орточо жашы 27,6 жашты, ал эми кайталап никеге тургандагы орточо жашы 39,6 жашты түзгөн.
Мамлекеттик башкаруу системасында да эркектердин үлүшү жогору:
• мамлекеттик башкаруу органдарында — 55,4%,
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында — 62,3%.
Бул көрсөткүчтөр эркектердин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана башкаруу системасындагы маанилүү ордун айгинелеп турат.
