Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлер күнү: Сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 05.07.2026


Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргыз Республикасында калктын саламаттыгын сактоого маанилүү салым кошкон адистердин кесиптик майрамы- Медициналык кызматкерлер күнү белгиленет.

2025-жылы республика калкына медициналык жардамды 191 ооруканалык уюм, 45 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюм, 2 өз алдынча тез (шашылыш) медициналык жардам станциясы жана 1 миңден ашык фельдшердик-акушердик пункт көрсөткөн.

Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында 234 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун камтыган 56 жалпы дарыгерлик практика борбору иш алып барган.

Калкка медициналык-санитардык жардамды 13 миңден ашык дарыгер жана 34 миңден ашык орто медициналык персоналдын адистери камсыз кылган.

Орточо эсеп менен республиканын ар бир 10 миң калкына 19 дарыгер жана орто медициналык персоналдын 47 кызматкери туура келген.

 

_______________________________________________________________________________________

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыТел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg дарек: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

Биз менен байланышуу:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 05.07.2026, 09:31