Сандар жана фактылар. Эл аралык балдарды коргоо күнү
Басылмалардын датасы: 01.06.2025

-
7 жашка чейинки балдар – 39% же 1 млн 75 миң адам;
-
7-14 жаштагы балдар – 46% же 1 млн 239 миң адам;
-
15-17 жаштагы өспүрүмдөр – 15%, бул 402 миң адамды түзөт.
2024-жылы 140 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен дээрлик 73 миңи эркек балдар жана 67 миңден ашыгы кыздар , башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.
Төрөлгөн балдардын ичинен катталган никеде турбаган энелерден төрөлгөндөрдүн үлүшү 6%дан ашкан. Бул көрсөткүч акыркы жылдары мусулмандардын салтына ылайык никелешүүнүн кеңири жайылышы менен түшүндүрүлөт. Юридикалык никеден тышкары төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да, энеси да бар. Бирок бул балдардын:
-
98%га жакыны энелердин арызы боюнча гана катталса,
-
2%дан ашыгы ата-энесинин биргелешкен арызы менен катталган.
Бул болсо айрым балдар үй-бүлөдө атасыз чоңоюшу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Өлкөдө жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эмдөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Мында, 2024-жылы:
-
1 жашка чейинки балдардын 92,2%ы кургак учукка каршы эмделген;
-
85,1%ы көк жөтөл, дифтерия жана столбнякка каршы эмделгендердин санын түзгөн.
Жалпысынан 2024-жылдын аягына карата республиканын аймагында 2 миңге жакын мектепке чейинки билим берүү уюмдары болгон, аларда балдардын саны 257 миңден ашык адамды түзгөн.
2024 - жылы, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарга жүктөм боюнча:
-
Шаар жерлеринде 100 орунга 124 бала туура келсе,
-
Айыл жерлеринде 100 орунга 105 бала туура келген.
2024/2025-окуу жылынын башталышына карата республикада жалпы орто билим берүүнүн 2 394 күндүзгү уюму иштеген, анда 1,5 млн. бала окуган. Ошол эле учурда:
-
59%дан ашыгы биринчи сменада,
-
38%дан ашыгы экинчи сменада.