Сандар жана фактылар. Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү

Басылмалардын датасы: 11.07.2025


БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылы декабрда эл аралык майрамды-Бүткүл дүйнөлүк калк күнүн (World Population Day) белгилеген, ал жыл сайын 11-июлда калк маселелерине, жалпы өнүгүү программаларына көңүл бурдуруу жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун изилдөө үчүн белгиленет. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгилүү бир темага арналат. 2025-жылы тарыхтагы эң көп сандаган жаш муунга басым жасалып, "Жаштарга адилеттүү жана үмүттүү дүйнөдө өздөрү каалаган үй-бүлөлөрдү түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү" темасына басым жасалат. Бул ураан жаштарга укуктарды, ресурстарды жана келечегин калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кеңири коомчулукка сунушталды.
 
2024-жылы калктын санынын өсүү темпи бир аз төмөндөдү жана 1,7% ды түздү (салыштыруу үчүн, 2020-жылы-1,9%). Калктын эң жогорку өсүү темпи  Ош жана Бишкек шаырында (тиешелүүлүгүнө жараша 2,2% жана 2,1%), Баткен облусунда (1,9%) эң төмөнкүсү Ысык-Көл жана Нарын облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 1,0% жана 0,9%) байкалган. 2025-жылдын башында республикасынын калкынын саны 7 миллион 282 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда, республикада жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаардык калктын үлүшү 2020-жылдагы 33,7% пайыздан 41,7%га көбөйдү, ал эми айыл калктын үлүшү 58,3%ды  түздү.
 
2024-жылы эркектерге караганда аялдардын санынын басымдуулугу сакталды, бул жалпы республиканын калкы үчүн мүнөздүү. 2025-жылдын башында эркектердин саны 3 млн. 603 миң адамды (49,5%) жана аялдар – 3 млн. 679 миң (50,5%) түзгөн, бирок төрөт көп болгон региондордо (Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан басымдуулук кылат.
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2024-жылы 140,4 миң төрөт катталган (2020-жылы 158,1 миң). Ошол эле учурда, төрөлгөндөрдүн жалпы санындагы кыздардын (49%) жана эркек балдардын (51%) салыштырма салмагы акыркы бир нече жыл аралыгында өзгөрүүсүз калган, бирок 2024-жылы кыздардын үлүшү азайып  48%ды түздү.
 
2024-жылы энелердин бала төрөгөндөгү орточо жашы мурунку жылдарга салыштырмалуу 28,4 жашка чейин жогорулады. Белгилей кетсек, эң жаш энелер Ош облусунда жашайт (27,8 жаш).
 
Мурдагыдай эле, ымыркайлардын көбү 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдардан төрөлөт (2024-жылы төрөлгөн балдардын 56%), бирок акыркы жылдары ушул жаш курагындагы аялдардын төрөлүшүн азайтуу тенденциясы байкалууда.
 
Муну менен катар, никеге турганга чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздардын төрөт көрсөткүчү 2020-жылдагы ушул курактагы 1000 кызга - 4,3 баладан, 2024-жылы - 2,3 балага чейин же  1,9 эсеге кыскарган. Никеге турганга чейинки курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда байкалган, анда 2024-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,4 эсеге ашкан.
 
2024-жылы Республика боюнча төрөттүн орточо жалпы коэффициенти 1000 жашоочуга 19,4 жаңы төрөлгөн баланы түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 17,5%га төмөн ( калктын  1000ине  23,5).
 
Эң жогорку көрсөткүч Баткен (калктын 1000ине  23,9 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган), Ош (22,3),  Жалал-Абад жана Нарын (22,0 ден ) облустарында байкалган.
 
2024-жылы аймактар боюнча төрөлгөндөрдүн саны
(калктын 1000ине, промилле)
__________________________________________________________________________
Демографиялык статистика бөлүмү              
                                                          
e-mail: j.maatkulova@stat.gov.kg ; тел. + 996 (312) 325546, 324636.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 11.07.2025, 11:55