Автоунаа транспорту жана жол чарба: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 25.10.2026


26-октябрь - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Бул майрам жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешинин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан жүктөрү эсептелген.

Республиканын бийик тоолуу жана көптөгөн региондоруна жетүүнүн кыйын шарттары башынан эле транспорттун башка түрлөрүнүн арасынан автоунаа транспортунун алдыңкы орунда тураарын аныктаган. ал жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну камсыз кылуучу, географиялык обочолонууну жана калктуу конуштардын ортосундагы байланышты жоюучу негизги транспорт.

 2025-жылы автоунаа транспорту менен 62 млн. тонна жүк, же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы ташылган.

Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (56 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер (жеке адамдар) тарабынан ишке ашырылат.

2025-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.

2025-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар

 

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет.

2025-жылы жеке жактарга таандык автобустар жана таксилер менен 381 млн., же 58 пайыздан ашык жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан - 279 млн. жүргүнчүлөр же 42 пайызга жакыны ташылган.  Адистештирилген автобустар жана электроавтобустар менен ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырганда 1,6 эсе өстү.

  Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек шаарынын ошондой эле Чүй облусунун чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

 

2025-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

2025-жылдын 1-январына карата республикада жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,4 млн. ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2025-жылдын 1 январына салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 191 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Чүй облусунун (калктын 1000ине 288 автоунаа), Бишкек шаарынын (260 автоунаа) туура келген.

_________________________________________________________________________________________________

Соода жана кызмат көрсөтүү, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы /e-mail: ltekeeva @stat.kg;/ тел. + 996 (312) 324 725, 324918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.10.2026, 11:30