Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 01.12.2015


2015-жылдын январь-сентябрындагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2014-ж. январь-сентябрына салыштырмаганда 1,4 эсе көбөйүп,  642 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (83 пайызы) геологиялык чалгындоолорго, иштетүү өндүрүшү ишканаларына жана электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталды. Муну менен бирге геологиялык чалгындоого (12,0 пайызга), иштетүү өндүрүшү ишканаларына (18,3 пайызга), электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканаларына (15,6 эсеге), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына (6,4 пайызга) багытталган инвестициялардын көлөмү көбөйдү.

2015-жылдын январь-сентябрында КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2014-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү, ошону менен бирге Канададан (1,6 эсе), Улуу Британиядан (4,5 эсе), Кошмо Штаттардан (4,6 эсе), Түркиядан (2 эсе) келген түшүүлөрдүн олуттуу өсүүсү байкалды, ал эми Кытайдан келген түшүүлөр тескерисинче, 4,1 эсеге кыскарды.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү күлүмү 2014-ж. январь-сентябрына салыштырганда 3,3 эсеге, муну менен бирге Россиядан келген түшүүлөрдүн күлөмү - 7,8 эсе көбөйдү, ал эми Казакстандан келген түшүүлөрдүн көлөмү тескерисинче, 1,9 эсе азайды.

____________________________________________________________________________________________________________

 

Курулуш жана инвестиция         |       e-mail:birukova@stat.kg;       |       тел. + 996 (312) 324642

статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 01.12.2015, 17:09