Улутстатком жумушчу күчүнүн сынамык изилдөөсү боюнча окуу тренингин өткөрдү
Басылмалардын датасы: 01.12.2015
Улутстатком Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) «Жумушчу күчүнүн сынамык изилдөөсү» долбоорунун алкагында Чүй жана Ош облустарынын интервьюерлери үчүн окуу тренингин өткөрдү. Өткөрүлгөн тренингдин жүрүшүндө жумушчу күчүн изилдөө үчүн колдонулуучу суроолор тизмегинин модели, ошондой эле ушул сурамжылоого катыша турган үй чарбалардын иргемеси тааныштырылды. Интервьюерлер үчүн жумушчу күчүнүн суроолор тизмегинин модели боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.
Бул долбоордун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын жумуш орундарын түзүү, ишкерликти алдыга жылдыруу жана бизнести, айыл чарбасын колдоо, жакырчылыкты кыскартуу, жаштарды окууту жана аларга иш табууга жардам көрсөтүү боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгуусуна мүмкүндүк берет.
____________________________________________________________________________________
Эмгек жана иш камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү |e-mail:jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 62 60 76
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).
