Кыргыз Республикасынын Улутстаткому Азия жана Тынч океан өлкөлөрү боюнча БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (БУУнун АТОЭСК) семинарына катышты

Басылмалардын датасы: 16.12.2015


Кыргыз Республикасынын Улутстаткому жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери жана калктын табигый кыймылынын статистикасы боюнча улуттук координаторлор үчүн Азия жана Тынч океан өлкөлөрү боюнча БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (БУУнун АТОЭСК) семинарына катышты (БУУнун конференц-борбору, Бангкок, Тайланд, 2015-жылдын 9-10-декабры).

Семинардын негизги максаты жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери жана калктын табигый кыймылынын статистикасы боюнча улуттук координаторлор катары ролун аткаруу үчүн эң көп маалыматтарды жана инструменттерди көрсөтүү болгон.

Бул семинар – Министрлердин “Азия-Тынч океан регионунда толук статистикалык картинаны алуу боюнча” ага Кыргызстан да кирген декларациясы кабыл алынган жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери жана калктын табигый кыймылынын статистикасы боюнча министрлик конференция деп аталган семинардын негизи болгон семинарлардын сериясынын уландысы.

Министрлик конференциянын чечими менен бул региондо жарандык абалдын актыларын каттоо жана калктын табигый кыймылынын статистикасы боюнча иш-аракеттердин региондук планы жактырылды. Мындан тышкары конференция 2015-2024-жылдарга “Азия-Тынч океандын жарандык абалдын актыларын каттоолорунун жана калктын табигый кыймылынын статистикасынын он жылдыгын” жарыялады.

Семинардын жүрүшүндө жалпысынан калктын табигый кыймылынын статистикасынын жана демографиялык статистиканын маалыматтарынын сапатын жакшыртуу максатында ар түрдүү өлкөлөрдүн министрликтеринин иштеринин координациясынын зарылдыгы боюнча маселелер талкууланды. Иш-аракеттердин региондук планынын чегинде улуттук милдеттер жана адепки маалыматтар жөнүндө өлкөлөрдүн биринчи отчетун толтуруу боюнча суроолорго жооптор алынды.

____________________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү    |    e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;   |    тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 17.12.2015, 15:46