Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпинин жайлашы байкалууда
Басылмалардын датасы: 10.12.2015
2015-жылдын январь-ноябрында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2014-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,7 пайызды гана түздү, бул баалуу металлдарды чыгаруунун олуттуу азайышы менен шартталды.
Жылдын башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү металл рудаларын казууда (5,3 эсе) жана мунайзат азыктарын өндүрүүдө (1,9 эсе) сакталды.
“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда физикалык көлөмдүн индекси 100,2 пайызды түздү. Мурункудай эле, текстиль өндүрүшүндө (13,3 пайызга), кийим өндүрүүдө (24,8 пайызга), электр жабдуулары (8,8 пайызга), башка металл эмес минералдык азыктар (10,4 пайызга), электр энергия, аны берүү жана бөлүштүрүү өндүрүшүндө (6,2 пайызга) мурунку жылдын деңгээлинен артта калуу сакталууда.
_______________________________________________________________________________________________________
|
Өнөр жай статистикасы бөлүмү |
e-mail abdrahmanova@stat.kg |
тел. + 996 (312) 664044 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
