Көп индикатордук кластердик изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол
Басылмалардын датасы: 16.12.2015
Бүгүн, 2015-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте 2014-жылы Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда жүргүзүлгөн Көп индикатордук кластердик изилдөөнүн (КИКИ) жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрөт.
Тегерек столдун ишин Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Акылбек Осмоналиев ачып, Көп индикатордук кластердик изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтардын азыркы стратегияларга мониторинг жүргүзүү, аларды ишке ашыруу жана иш-чаралардын планын иштеп чыгуу үчүн маанилүү экендигине басым жасады.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан, ошондой эле эл аралык уюмдардан келген өкүлдөр чыгып сөз сүйлөштү.
Үй чарба статистикасы башкармалыгынын начальниги Галина Самохлеб КИКИни жүргүзүүнүн жүрүшү жана анын негизги жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен тааныштырып өттү.
Улутстаткомдун демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Людмила Торгашева катышуучуларга КИКИнин төрөт жана үй-бүлөнү пландаштыруу көйгөйлөрүнө тиешелүү болгон жыйынтыктары тууралуу баяндап, ар бир аялга орточо 4төн бала туура келе турганын, айыл жериндеги аялдардын төрөтүнүн коэффициенти шаар жериндеги аялдардын төрөтүнө караганда жогору экендигин маалымдады. Анын айтымында, бала төрөө мезгилине келген 15-19 жаштагы аялдардын эң жогорку үлүшү Ош жана Талас облустарына, ошондой эле Ош шаарына туура келет.
Улутстаткомдун демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева өз сөзүндө аялдардын төрөткө чейинки байкоолору жөнүндө маалымат берүү менен бирге төрөттөрдүн 99 пайызы төрөттү кабыл алуу боюнча квалификациялуу персоналдар тарабынан кабыл алынарын белгилеп өттү, ошондой эле республикадагы балдар өлүмүнүн деңгээли жана анын төмөндөө тенденциялары, эненин жана баланын саламаттыгы, эмчек эмизүү, республика жана анын региондору боюнча балдарды вакцинациялар менен камсыз кылуу тууралуу маалыматтар менен тааныштырды.
Улутстаткомдун үй чарба статистика башкармалыгынын методология жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева өз сөзүндө АИВ-КИЖС, респонденттердин ЖМКларга кирүү мүмкүндүгү жана алардын маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланышы, субъективдүү бакубатчылык, ошондой эле тамеки жана алкоголду колдонуу жөнүндөгү маалыматтар менен байланышкан көйгөйлөргө токтолду.
Урматым менен
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы
т.: + 996 (312) 625 559, 625 662
ф: + 996 (312) 660 138
моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Расмий сайт: www.stat.kg;
Дарек: Фрунзе көчөсү 374, (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).
