Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында экономиканын негизги көрсөткүчтөрү жогорулады
Publications: 15.06.2026

Алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын январь-май айларында ички дүң продукт (ИДП) 781,1 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 12,2 пайызга жогорулады.

2026-жылдын январь-май айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 374,7 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда, физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-май айларына карата 114,4 пайызды түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өсүшү негизги металлдардын (12,4 пайызга); тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды жана тамеки буюмдарын кошо алганда) (15,7 пайызга); тазаланган мунайзаттардын (43,7 пайызга);
курулуш материалдары (36,1 пайызга); транспорт каражаттарынын (1,6 эсеге); жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларынын (1,7 эсеге); фармацевтикалык продукциялардын (1,8 эсеге); химиялык продукциялардын (3,0 эсеге) өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз болду.

Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 1,6 эсеге, дүң жана чекене соодада 10,4 пайызга, ал эми айыл чарбасында 3,7 пайызга көбөйгөн.
Ушул жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,8 пайызды түздү. Мында тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар - 4,8 пайызга; алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары - 6,5 пайызга; азык-түлүк эмес товарлар - 2,8 пайызга;калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери -7,1 пайызга жогорулаган.
Ушул жылдын январь-май айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалган. Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (10,3 пайыз) Ош облусунда катталган, бул алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын (15,1 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (8,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (17,1 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Презентациялар:
1. 2025-жылы Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү
2. Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналат. Ал рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет жана мамлекеттик бийлик органдарын, ошондой эле жалпы коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыТел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg дарек: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)
|
Биз менен байланышуу: |
тел. 625747 |
|
|
