Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери «Гүлзар» балдар борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттукташты
Publications: 02.06.2026
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери «Гүлзар» балдар борборуна барышты. Иш-чаранын алкагында борборго кир жуугуч жана тазалоочу каражаттар, жеке гигиена каражаттары, ошондой эле таттуулар түрүндө жардам көрсөтүлдү.
«Гүлзар» балдар борборунда ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, жетим балдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган 108 кыз тарбияланат. Борбор өзүнүн тарбиялануучуларына билим берүү, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү менен бирге, алардын социалдык адаптацияланышына, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшөт.

Көрсөтүлгөн колдоо үчүн борбордун жамааты Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго жана комитеттин бардык кызматкерлерине көрсөткөн көңүл буруусу жана камкордугу үчүн чын дилден ыраазычылык билдиришти.
Улуттук статистика комитети көрсөтүлгөн жардам борбордун тарбиялануучуларына кубаныч тартуулап, ар бир балага болгон көңүл буруунун, боорукерликтин жана камкордуктун белгиси болот деп ишенет.
