Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичтин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосу

Дата публикации: 23.09.2026


Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жалпы жамаатынын атынан чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын камтыган улуттук мурасыбыз. Мамлекеттик тилди урматтоо жана анын өнүгүшүнө салым кошуу — ар бир жарандын жоопкерчиликтүү милдети.

Бүгүнкү күндө кыргыз тилинин мамлекеттик башкарууда, билим берүүдө, илимде жана коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулушу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү маанилүү.

Ар бирибиз мамлекеттик тилди аздектеп, анын кадыр-баркын арттырууга жана келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүгө өз салымыбызды кошолу.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, иштериңиздерге ийгиликтерди, ал эми элибизге ынтымак, өлкөбүзгө тынчтык жана туруктуу өнүгүү каалайм.

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!


Последнее обновление: 23.09.2026, 14:40