2010-2014-жылдардагы “Кыргыз Республикасындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар” жылдык статистикалык жыйнак басылып чыкты
Publications: 15.12.2015
Статистикалык жыйнак акыркы беш жыл ичинде республикадагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсүн мүнөздөгөн атайын басылма болуп саналат.
Басылмада маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланган ишканалардын жана уюмдардын саны, бул чөйрөдөгү жумуштуулук, МКТны пайдаланууга жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар, компьютердик тейлеме, байланыштын заманбап түрлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногу жана башкалар жөнүндө маалыматтар келтирилген.
Жыйнак кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты.
Жыйнакты алуу маселелери боюнча Улутстаткомдун БЭБнин маркетинг кызматына кайрылыңыздар. тел.+996 (312) 32-47-03.
________________________________________________________________________________
Айлана-чөйрө жана МКТ e-mail: korozbaeva@stat.kg
статистикасы бөлүмү тел.: +996 (312) 32 46 91
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
