Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Сандар жана фактылар

Publications: 27.09.2026


Туризм Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу тармактардын бири болуп саналат. 2026-жылдын январь-июнунда 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эс алуучулардын саны дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 1,9 млн адамды түздү.

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсүнө байланышкан экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган 158,2 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект катталган.

Туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкердик менен 140 миңге жакын жеке жак алектенет, бул катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 88,5 пайызын түзөт.

2026-жылдын январь-июнунда туристтерди кабыл алууну жана тейлөөнү 604 эс алуу мекемеси жана туризм уюму жүзөгө ашырды, анын ичинде 99 адистештирилген жайгаштыруу каражаты, 367 мейманкана жана окшош жайгаштыруу каражаты, 12 табигый парк жана корук, ошондой эле 126 башка туристтик объект бар.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн дүң кошумча нарк, алдын ала баалоо боюнча, 34 млрд сомду же ИДПга карата 3,6 пайызды түздү (2025-жылдын январь-июнунда — 3,5 пайыз).

Туризм объекттеринин курулушуна негизги капиталга 15,9 млрд сом инвестиция жумшалган, бул 2025-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,3 эсеге көп.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июнунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү саны (жарандык алган өлкөсү боюнча) 4,9 млн түздү. Чек арадан өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) негизги бөлүгү Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Кытайдын жарандарына туура келди.

______________________________________________________________________________

Соода жана кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы

(e-mail: ltekeeva@stat.kg; тел.: +996 (312) 324 725, 324 918, 324 702)

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда пайдалануучулар алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 27.09.2026, 20:57