2026-жылдын январь-майында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Publications: 15.06.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-майында өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 12,2%га жогорулап, 781,1 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-майына салыштырмалуу 22,1%га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 7,0%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,8%га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 51,1%га туура келип, мурунку жылдын январь-майына салыштырмалуу 3,6 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 3,4 пайыздык пунктка жогорулап, 32,6%ды түздү. Мында өнөр жайдын жана курулуштун үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, тиешелүүлүгүнө жараша, 2,0 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,6 пайыздык пунктка кыскарган.
2026-жылдын январь-майындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
|
2025 |
2026 |
|||
|
ИДП |
781 061,4 |
112,2 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
254 837,9 |
122,1 |
29,2 |
32,6 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана |
33 388,9 |
103,7 |
4,9 |
4,3 |
|
балык уулоочулук |
||||
|
Өнөр жай |
162 509,4 |
114,3 |
18,8 |
20,8 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
21 120,7 |
119,7 |
2,4 |
2,7 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
||||
|
(Иштетүү өнөр жайы) |
123 806,9 |
116,4 |
13,6 |
15,8 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
|
кондицияланган аба менен камсыздоо |
||||
|
(жабдуу) |
15 444,7 |
97,4 |
2,5 |
2,0 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
2 137,1 |
115,3 |
0,3 |
0,3 |
|
калдыктарды иштетүү жана кайра |
||||
|
пайдалануучу чийки затты алуу |
||||
|
Курулуш |
58 939,6 |
164,6 |
5,5 |
7,5 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
398 941,9 |
107,0 |
54,7 |
51,1 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
116 806,4 |
111,4 |
15,7 |
15,0 |
|
жана мотоциклдерди оңдоо |
||||
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү |
25 779,6 |
104,4 |
3,5 |
3,3 |
|
сактоо |
||||
|
Мейманканалар менен ресторандардын |
13 509,6 |
116,2 |
1,7 |
1,7 |
|
ишмердиги |
||||
|
Маалымат жана байланыш |
19 795,3 |
107,3 |
2,9 |
2,5 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
223 051,0 |
104,5 |
30,9 |
28,6 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды |
||||
|
эсептебегенде) салыктар |
127 281,6 |
111,8 |
16,1 |
16,3 |
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
