Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү улантылды

Publications: 14.08.2026


Алдын ала баалоо боюнча, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукт
 1 172,7 миллиард сомду түздү жана 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 11,1 пайызга өстү.

2026-жылдын январь-июль айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 525,3 млрд сомду түздү. Мында физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-июль айларына карата 111,2 пайызды түздү. 

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу өсүшү тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошо алганда) жана тамеки өнүмдөрүн өндүрүү (2,4 пайызга) ,негизги металлдарды өндүрүү (8,5 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү (13,0 пайызга), курулуш материалдарын өндүрүү (33,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын өндүрүү (37,5 пайызга), транспорт каражаттарын өндүрүү (41,8 пайызга), тазаланган мунай продукцияларын өндүрүү (1,8 эсеге), химиялык продукцияларды өндүрүү (2,9 эсеге), кен байлыктарды казып алуу (16,9 пайызга)  өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз кылынды.

Оң тенденциялар курулуш тармагында да байкалды, мында көлөмдөр 1,6 эсеге, дүң жана чекене соодада - 4,0 пайызга жана айыл чарбасында - 6,0 пайызга өстү.

Ушул жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,7 пайызды түздү. Мында тамак-аш өнүмдөрүнүн жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 5,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки өнүмдөрү - 7,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар - 5,1 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 10,1 пайызга жогорулады.

Ушул жылдын январь-июль айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (14,9 пайыз) Ош областында катталды, бул тамак-аш өнүмдөрүнүн жана алкоголсуз суусундуктардын (11,9 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки өнүмдөрүнүн (21,4 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (10,6 пайызга) бааларынын, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (23,8 пайызга) жогорулашынын эсебинен болду.

2026-жылдын январь-июнь айларында республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү.

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 3,0 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 0,1 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 5,3 пайызга кыскарды, ал эми импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 1,1 пайызга көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (67,1 пайыз) жана Казакстанга (30,6 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Экспорт                                                                                                     Импорт

****

Кыргыз Республикасынын эң маанилүү мамлекеттик маалымат тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын азыркы талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат.

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча дагы да кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. менен кесилиши).

Биздин байланыштар:

  • Веб-сайт: www.stat.gov.kg
  • Facebook: [КР Улутстаткому]
  • Тел.: 625747

Мы доступны:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 

 

 


Last updating: 14.08.2026, 14:43