2026-жылдын январь-июлунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Publications: 14.08.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 11,1%га жогорулап, 1 172,7 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 19,9%га, кызмат көрсөтүүчү тармактар 6,1%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,2%га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 49,8%га туура келип, мурунку жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 3,7 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 34,2%ды түздү жана 3,3 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайыздык пунктка, өнөр жай – 1,6 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,3 пайыздык пунктка кыскарган.
2026-жылдын январь-июлундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
|
2025 |
2026 |
|||
|
ИДП |
1 172 748,0 |
111,1 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
400 685,3 |
119,9 |
30,9 |
34,2 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана |
74 985,8 |
106,0 |
6,7 |
6,4 |
|
балык уулоочулук |
||||
|
Өнөр жай |
229 696,9 |
111,1 |
18,0 |
19,6 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
30 009,1 |
116,9 |
2,3 |
2,5 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
||||
|
(Иштетүү өнөр жайы) |
175 632,3 |
111,8 |
13,3 |
15,0 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
|
кондицияланган аба менен камсыздоо |
||||
|
(жабдуу) |
20 824,8 |
99,8 |
2,1 |
1,8 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
3 230,7 |
117,3 |
0,3 |
0,3 |
|
калдыктарды иштетүү жана кайра |
||||
|
пайдалануучу чийки затты алуу |
||||
|
Курулуш |
96 002,6 |
160,6 |
6,2 |
8,2 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
584 440,4 |
106,1 |
53,5 |
49,8 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
177 225,3 |
108,4 |
16,1 |
15,1 |
|
жана мотоциклдерди оңдоо |
||||
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү |
36 216,1 |
104,2 |
3,3 |
3,1 |
|
сактоо |
||||
|
Мейманканалар менен ресторандардын |
19 877,3 |
109,6 |
1,7 |
1,7 |
|
ишмердиги |
||||
|
Маалымат жана байланыш |
28 077,5 |
107,4 |
2,7 |
2,4 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
323 044,2 |
104,7 |
29,7 |
27,5 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды |
||||
|
эсептебегенде) салыктар |
187 622,3 |
111,2 |
15,6 |
16,0 |
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
