2025-жылдын январь-декабрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Publications: 19.01.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-декабрында 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 11,1 %га жогорулады жана 1 976,4 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактарынын жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз кылынды. Мында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармактарында өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 10,9 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 12,1 %га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (51% ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул 2024-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 1,1 пайыздык пунктка төмөндөгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 1,1 пайыздык пунктка жогорулап, 34,4 %ды түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу курулуштун үлүшү 1,0 пайыздык пунктка, өнөр жайдын үлүшү 0,7 пайыздык пунктка жогорулаган, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,6 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
2025-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар - айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55%ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
