Publications: 15.09.2025
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-августунда өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 11,0 %га жогорулап, 1 042,1 млрд. сомду түздү.

[1] 2025-жылдын январынан тартып - чарба жургузүүчү субъекттердин ишмердиктин айрым түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрүн кайра эсептөөнү эске алуу менен
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (2,2 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (44,4 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияла-рынын (32,9 пайызга), резина, пластмасса буюмдаррын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (32,2 пайызга), химиялык продукциялардын (22,8 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүрүшүнүн (7,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (15,5 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 34,8 пайызды, дүң жана чекене соода – 11,6 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,4 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,1 пайызды түздү. Мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 3,0 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 3,2 пайызга жогорулаган.
Ушул жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды. Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (6,5 пайыз) Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (9,6 пайызга) жогорулашы менен шартталды. Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын жогорку өсүшү (9,7 пайыз) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (4,5) Ыссык-Көл облусунда, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (8,2 пайыз) Талас облусунда белгиленди
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-июлунда 8 664,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 6,4 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,3 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 4,8 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-июлунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2 911,2 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 3,2 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,6 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт Экспорт

****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).