2026-жылдын январь-августунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Publications: 14.09.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-августунда мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу 11,0%га жогорулады жана 1 396,8 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыз болду. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 18,6%га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,3%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,0 %га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 49,2%га туура келип, мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3,6 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 34,7%ды түздү жана 2,7 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайыздык пунктка, өнөр жай – 1,2 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,5 пайыздык пунктка кыскарган.
2026-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
|
2025 |
2026 |
|||
|
ИДП |
1 396 798,8 |
111,0 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
483 911,3 |
118,6 |
32,0 |
34,7 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана |
103 452,8 |
106,4 |
7,9 |
7,4 |
|
балык уулоочулук |
||||
|
Өнөр жай |
262 784,5 |
108,8 |
17,7 |
18,9 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
34 420,5 |
108,9 |
2,3 |
2,5 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
||||
|
(Иштетүү өнөр жайы) |
201 233,3 |
110,1 |
13,2 |
14,4 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
|
кондицияланган аба менен камсыздоо |
||||
|
(жабдуу) |
23 353,6 |
98,8 |
2,0 |
1,7 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
3 777,1 |
117,8 |
0,2 |
0,3 |
|
калдыктарды иштетүү жана кайра |
||||
|
пайдалануучу чийки затты алуу |
||||
|
Курулуш |
117 674,0 |
161,0 |
6,4 |
8,4 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
688 360,4 |
106,3 |
52,8 |
49,2 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
219 734,5 |
108,5 |
16,7 |
15,7 |
|
жана мотоциклдерди оңдоо |
||||
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү |
43 015,5 |
106,4 |
3,2 |
3,1 |
|
сактоо |
||||
|
Мейманканалар менен ресторандардын |
24 617,2 |
109,5 |
1,8 |
1,8 |
|
ишмердиги |
||||
|
Маалымат жана байланыш |
32 542,4 |
108,0 |
2,7 |
2,3 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
368 450,8 |
104,7 |
28,4 |
26,3 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды |
||||
|
эсептебегенде) салыктар |
224 527,1 |
111,0 |
15,2 |
16,1 |
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
