Республикада 2026-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жазгы себүүсү аяктап жатат
Publications: 16.06.2026
Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 677 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилди, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 7 миң гектарга же 1,1 %га көп.
Өткөн жылдын ушул күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянттарынын көбөйүшү арпанын себүү аянтынын 6,7 миң гектарга же 2,9 %га, дан үчүн жүгөрүнүн 2,4 миң гектарга же 2,5 %га, май өсүмдүктөрүнүн 1,3 миң гектарга же 11,2 %га, жашылча өсүмдүктөрүнүн 1,5 миң гектарга же 4,1 %га жана картошканын 1,3 миң гектарга же 3,0 % га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.
23-майга карата жаздык өсүмдүктөрдүн түрлөрү боюнча себилиши
|
|
Себилди -бардыгы, миң гектар |
Пайыз менен |
|||
|
2025 |
2026 |
өткөн жылдын ушул күнүнө |
2025-жылы жаздык өсүмдүктөр себилген аянтка |
||
|
Себилди-бардыгы алардан: |
670,1 |
677,2 |
101,1 |
97,5 |
|
|
арпа |
229,8 |
92,1 |
94,4 |
91,3 |
|
|
буудай |
97,5 |
236,5 |
102,9 |
100,5 |
|
|
дан жүгөрүсү |
97,2 |
99,6 |
102,5 |
97,7 |
|
|
дан буурчактуу өсүмдүктөр |
50,1 |
49,4 |
98,7 |
90,3 |
|
|
күрүч |
11,0 |
10,1 |
92,1 |
77,4 |
|
|
картошка |
43,4 |
44,7 |
103,0 |
112,2 |
|
|
жашылча |
36,3 |
37,8 |
104,1 |
112,7 |
|
|
май өсүмдүктөрү |
11,3 |
12,5 |
111,2 |
101,5 |
|
|
пахта |
6,0 |
4,6 |
76,2 |
71,1 |
|
|
кант кызылчасы |
13,4 |
11,8 |
87,8 |
88,1 |
|
|
көп жылдык чөптөр |
39,1 |
39,0 |
99,9 |
95,8 |
|
Жаздык эгиндердин жалпы аянтындагы эң чоң үлүш Чүй облусунун чарбаларына туура келип 33%га жакын аянтты түздү, Ош облусунун чарбаларында - 16%га жакын, Ысык-Көл облусунун чарбаларында – 14,5% жана Жалал-Абад облусун чарбаларында – 12 % дан көп.
23-майга карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши
|
|
Себилди - бардыгы, миң гектар |
Пайыз менен |
||
|
2025 |
2026 |
өткөн жылдын ушул эле күнүнө |
жыйынтыкка |
|
|
Кыргыз Республикасы |
670,1 |
677,2 |
101,1 |
100 |
|
Баткен облусу |
40,3 |
46,8 |
116,1 |
6,9 |
|
Жалал-Абад облусу |
86,4 |
83,3 |
96,4 |
12,3 |
|
Ысык-Көл облусу |
97,3 |
98,3 |
101,0 |
14,5 |
|
Нарын облусу |
37,8 |
36,6 |
97,0 |
5,4 |
|
Ош облусу |
101,6 |
106,5 |
104,9 |
15,7 |
|
Талас облусу |
72,8 |
73,9 |
101,5 |
10,9 |
|
Чүй облусу |
224,7 |
221,2 |
98,4 |
32,7 |
|
Бишкек ш. |
6,0 |
5,8 |
97,5 |
0,9 |
|
Ош ш. |
3,3 |
4,8 |
145,5 |
0,7 |
Чүй облусунун аймагында 2026-жылдын түшүмү үчүн 95,5 миң гектар аянтка күздүк буудай себилген, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 9%га көп.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 94,5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндер азыктандырылды, ошондой эле 607,9 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.
Айыл чарба
статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43, 32 46 21
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
