Мамлекеттик сапардын алкагында статистика тармагында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Publications: 03.08.2026


2026-жылдын 31-июлунда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда расмий статистика тармагында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын статистикалык ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, эки мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мүнөздөгөн эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтарды алмашууну кеңейтүүгө, ошондой эле расмий статистика чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.

 

Меморандум эл аралык статистикалык стандарттарды жана азыркы мезгилдеги методологияларды киргизүү жана колдонуу боюнча биргелешкен иштерди, тажрыйба жана маалымат алмашууну, эл аралык техникалык кызматташтык программаларына катышууну, илимий жана методологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну караган кызматташуунун негизги багыттарын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Жапарович Кудайбергенов Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын статистикалык кызматтарынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди андан ары өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болорун белгиледи.


Last updating: 03.08.2026, 12:24