Улутстаткомдо KOSTAT менен биргелешкен долбоордун алкагында «SPSS программасын колдонуу менен статистикалык маалыматтарды талдоо» темасында тренинг өттү

Publications: 30.09.2025


Корея Республикасынын статистика башкармалыгы (KOSTAT) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жана 2024–2028-жылдарга карата расмий өнүгүүгө көмөк көрсөтүү Программасынын колдоосу менен каржыланган «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык дараметин жогорулатуу» гранттык долбоорунун алкагында, 15-сентябрдан 26-сентябрга чейин Улутстаткомдо «SPSS программасын колдонуу менен статистикалык маалыматтарды талдоо» темасында окутуу тренинги болуп өттү.
 
Тренингге Улуттук статистика комитетинин 20 кызматкери катышып, Корея Республикасынын Статистика башкармалыгынан профессор Чон Бэкын окутуу өткөрдү. Окутуу программасы сандык анализдерди жүргүзүү, аналитикалык моделдерди түзүү жана далилдүү маалыматтарды визуализациялоо үчүн колдонулган статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу программасы менен практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
 
Сабактар реалдуу маалыматтарга негизделген практикалык тапшырмаларга басым жасоо менен интерактивдүү форматта өттү. Мындай ыкма катышуучуларга алган билимдерин дароо кесиптик ишмердүүлүгүнө колдонууга мүмкүндүк берди.
Тренинг аяктагандан кийин бардык катышуучулар курсту өздөштүргөндүгүн жана алган көндүмдөрүн тастыктаган сертификаттарды алышты. Мындай окутуу иш-чараларын өткөрүү Кыргыз Республикасынын статистикалык органдарынын кадрдык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт жана мамлекеттик органдарга жана коомго берилүүчү статистикалык маалыматтын сапатын жогорулатат.
 

 

 

 


Last updating: 30.09.2025, 11:47