Улутстаткомдо Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүнө карата ачык эшиктер күнү өттү
Publications: 22.10.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте Дүйнөлүк статистика күнүнө карата Ачык эшиктер күнү болуп өттү.
Бул жылы иш-чара «Баардыгы үчүн сапаттуу статистика жана маалыматтарды камсыз кылуу менен өзгөрүүлөргө өбөлгө түзөлү» - деген ураандын алдында өтүүдө.
Бул БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2010-жылы негизделген Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүнүн төртүнчү жолу белгилениши. Иш-чаранын максаты – туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда жана натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алууда расмий статистиканын маанилүүлүгүн баса белгилөө.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов статистиканын коомго негизделген чечимдерди кабыл алууга, саясатты курууга, бизнести өнүктүрүүгө жана адамдардын жашоосун жакшыртууга жардам берген маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ачык эшиктер күнүнүн алкагында катышуучуларга статистикалык ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча презентациялардын жана талкуулардын жыш программасы сунушталды.
Иш-чаранын алкагында маалыматтар дүйнөсү жана статистика, коомдун демографиялык портрети, Кыргыз Республикасынын региондорунун статистикасы жана туруктуу өнүгүүсү, маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын көйгөйлөрүн түшүнүүгө жана чечүүгө кандай жардам берери, ошондой эле Улутстаткомдун расмий сайты жана керектүү маалыматтарды ыңгайлуу издөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.
Улутстатком менен статистиканы колдонуучулардын ортосундагы диалогду бекемдөөгө, ошондой эле сапаттуу маалыматтардын натыйжалуу мамлекеттик саясатты калыптандыруудагы ролун жайылтууга арналган ачык эшиктер күнү мыкты мүмкүнчүлүк болду.

