Улутстаткомдо 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү
Publications: 30.01.2026
2026-жылдын 29-январында Бишкек шаарында статистика органдарынын 2025-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары жана 2026-жылга карата милдеттерине арналган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Коллегиясынын кеңейтилген отуруму болуп өттү. Коллегиянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев, ошондой эле борбордук аппараттын, ведомствого караштуу жана аймактык статистика органдарынын кызматкерлери катышышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов мамлекеттик башкаруу системасында жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда расмий статистиканын стратегиялык ролун белгиледи. "Улуттук статистика комитети учурда бүтүндөй системаны модернизациялоо баскычында турат. Биз үчүн негизги милдет - статистикалык өндүрүштү санариптештирүү, административдик жана чоң маалыматтарды колдонууну кеңейтүү, Улуттук статистикалык системаны жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү",- деп баса белгиледи Улутстаткомдун төрагасы.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев чогулгандарга өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде бюджеттик кирешелердин өсүшү, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду, транспорттук коридорлорду жана туристтик кластерлерди өнүктүрүү жөнүндө маалымат берди. "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү сапаттуу аналитикалык жана статистикалык базаны талап кылат, ал стратегиялык чечимдердин негиздүүлүгүн жана улуттук артыкчылыктарга жетишүүнүн мониторингин камсыз кылат", - деп белгиледи Президенттин администрациясынын өкүлү.
Отурумдун жүрүшүндө "АЭК" АМТда электрондук отчеттуулукту киргизүү, айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдык көрүү, административдик маалыматтарды жана расмий статистиканын сапат менеджмент системасын колдонуу, ошондой эле статистика органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды. Алдыдагы жылдарга артыкчылыктуу багыттар катары статистикалык өндүрүштү андан ары санариптештирүүнү өнүктүрүү, маалыматтардын административдик жана альтернативдүү булактарын пайдаланууну кеңейтүү маселелери аныкталды.
Отурумду жыйынтыктап жатып, Улутстаткомдун төрагасы расмий маалыматтарга болгон ишенимди жогорулатуу жана аларды өлкөнү өнүктүрүү башкармалыгында практикалык колдонууну камсыздоо үчүн статистика системасын мындан ары бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

