Бишкекте Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери сыйланды
Publications: 17.09.2025
"Ынтымак Ордо" Маданий Борборунда Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, Министрлер Кабинетинин Ардак белгисин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
Салтанатка Министрлер Кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ар кандай тармактардын өкүлдөрүнө: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, билим берүү, курулуш, сот системасы, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана башка тармактардын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлеринин расмий статистика системасын өнүктүрүүгө жана маалыматтардын ачыктыгын камсыздоого кошкон салымы мамлекеттик деңгээлде өзгөчө белгиленди.
Министрлер Кабинетинин сыйлыктары менен төмөндөгүлөр сыйланды:
Исенкулова Эльвира Казакбаевна, Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы;
Турдубаева Чинара Сейтказиевна, Статистикалык маалыматтарды жайылтуу жана коммуникациялар башкармалыгынын башчысы;
Сулайманова Гүлсара Назарбековна, Тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы.
Биз кесиптештерди бул татыктуу бааланышы менен куттуктайбыз жана алардын кесиптик ишмердигинде мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!
