Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрүн жыйноонун темпи өткөн жылдан ашат

Publications: 16.12.2015


Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрүн жыйноонунун көрсөткүчтөрү боюнча дан өндүрүү (алгачкы кабыл алынган салмакта) республика боюнча 1,8 млн. тонна же өткөн жылдын ушул датасына караганда 1,3 эсе көп болду. Дан өсүмдүктөрүн  өндүрүүнүн  көбөйүшү буудай жана арпанын түшүмдүүлүгүнүн олуттуу жогорулашы менен шартталды. 2014-жылдын 23-ноябрына карата буудайдын орточо түшүмдүүлүгү жалпысынан республика боюнча гектарына 18,3 центнерди түзсө (алгачкы кабыл алынган салмакта), быйылкы жылдын тийиштүү датасына гектарына 25,7 центнерди түздү, арпа тиешелүүлүгүнө жараша гектарына 13,8 центнерди түзсө, быйылкы жылы 23,0 центнерди түздү.

1415 миң тоннадан ашык картошка казылып алынды, же 107, 0 пайыз өткөн жылдын ушул датасына карата болду, республика боюнча картошканыны орточо түшүмдүүлүгү  былтыркы жылдын деңгээлинде болуп , гетарына 165 центнерди түздү . Бир млн тоннадан ашык жашылча жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул датасына караганда 15,8 пайызга көп.

Муну менен катар, мөмө-жемиш  өндүрүү  жалпысынан  республика боюнча 209,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул датасына караганда 11,8 пайызга аз өндүрүлдү.

_____________________________________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикалык башкармалыгы     I   e-mail:gmupsabekova@stat.kg   |  тел.+996 (312)664043

                                                                                                                           

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 18.12.2015, 17:03