Кыргыз Республикасынын улуттук статистика системасын Глобалдык баалоо башталды

Publications: 23.07.2026


2026-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде улуттук статистикалык системанын абалын, анын эл аралык стандарттарга жана расмий статистиканын мыкты тажрыйбаларына шайкештигин ар тараптуу баалоого багытталган көз карандысыз кесиптик экспертизага - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика системасын Глобалдык баалоо жүргүзүү боюнча миссиянын расмий ачылышы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапарович ООНдун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК ООН) Статистикалык бөлүмүнүн көмөгү астында түзүлгөн эл аралык баалоо тобунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Эл аралык баалоо тобунун курамына ЕЭК ООН, ЭСКАТО ООН, Евростат, Норвегиянын Борбордук статистика бюросунун жана Швейцариянын Федералдык статистика башкармалыгынын алдыңкы эксперттери кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б. Ж. Кудайбергенов эксперттер менен биргеликте акыркы беш жылдагы улуттук статистикалык системанын өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктарын, расмий статистиканы модернизациялоо тармагындагы негизги жетишкендиктерди, ошондой эле эл аралык сунуштамаларга ылайык статистикалык ишмердүүлүктү андан ары өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Эл аралык GSBPM жана GAMSO статистикалык моделдерин киргизүү, статистикалык процесстерди санариптик трансформациялоо, сапатты башкаруу системасын өнүктүрүү, административдик маалыматтарды пайдаланууну кеңейтүү, Улутстаткомдун институционалдык түзүмүн өркүндөтүү жана улуттук статистикалык системаны координациялоону чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Глобалдык баалоо 2026-жылдын 21-июлунан 28-июлуна чейинки мезгилде өткөрүлөт жана республиканын улуттук статистикалык системасынын абалына көз карандысыз эксперттик баа берүүгө, аны андан ары өнүктүрүү жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга шайкеш келтирүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга багытталган. Кыргыз Республикасы үчүн бул үчүнчү Глобалдык баалоо: биринчиси 2011-жылы, экинчиси 2021-жылы жүргүзүлгөн. Миссиянын алкагында эл аралык эксперттер Улутстаткомдун адистери, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, академиктер коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү - расмий статистиканын колдонуучулары жана өндүрүүчүлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүшөт.

 

_______________________________________________________________________________________

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыТел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg дарек: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

Биз менен байланышуу:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Last updating: 23.07.2026, 16:09