Айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча кезектеги жыйын болуп өттү
Publications: 16.03.2026
Айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү маселелери 10-март күнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн жыйында каралды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э. А. Акунбеков катышты.
Жыйындын жүрүшүндө алдыдагы мал жана үй канаттууларынын санын каттоо, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү боюнча маалыматтарды жана башка көрсөткүчтөрдү чогултуу боюнча милдеттер каралды. Белгиленгендей, республиканын айрым райондорунда инструктор-контролёрлор үчүн жай жана компьютерлер менен камсыз кылуу маселеси ушул убакка чейин чечиле элек. Бул маселелер райондук администрациялардын жетекчилери тарабынан кечиктирилбестен чечилиши зарыл экендиги белгиленди.
Мындан тышкары, министрликтерге жана ведомстволорго кыска мөөнөттө аймактык статистика органдарына Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунан ижара келишиминин негизинде убактылуу пайдаланууга жер алган ижарачылардын тизмесин берүү тапшырылды.
