Баалардын жана тарифтердин жогорулашы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө байкалган

Publications: 17.09.2025


      Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын августунда өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү Россияда жана Белорусияда (0,4 пайыз жана 0,3 пайыз), ал эми ЕАЭБдин калган мүчө - өлкөлөрүндө жогорулашы катталды. Кыргыз Республикасында баанын өсүшү (0,4 пайызга) белгиленди.
 
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
 
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)
 
  Август Август  Августтагы өсүүнүн (төмөндөшү) орточо айлык темптери 
үстүбүздөгү жылдын июлуна карата өткөн жылдын декабрына карата
2024 2025 2024 2025 2024 2025
Армения 0,1 0,2 -1,2 0,8 -0,1 0,1
Беларусь -0,1 -0,3 3,3 5,3 0,4 0,6
Казахстан 0,6 1,0 5,3 8,8 0,7 1,1
Кыргызстан -0,3 0,4 2,0 5,1 0,3 0,6
Россия 0,2 -0,4 5,3 3,9 0,6 0,5

 

              2025-жылдын августунда 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (8,8 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (8,9 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (6,4 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (10,8 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
 

                         2025-жылдын августунда ЕЭАБ мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли

(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)

  Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр анын ичинде:
азык-түлүк товарлар1 азык-түлүк эмес товарлар кызмат көрсөтүүлөр
  Мурунку айга карата
Армения 0,2 0,0 0,4 0,3
Беларусь -0,3 -0,9 0,2 0,3
Казакстан 1,0 0,5 1,0 1,4
Кыргызстан 0,4 0,3 0,5 0,5
Россия -0,4 -0,9 0,4 -0,6
  Былтыркы жылдын декабырына карата
Армения 0,8 -0,2 -0,4 2,9
Беларусь 5,3 6,3 2,6 7,0
Казахстан 8,8 8,9 6,4 10,8
Кыргызстан 5,1 6,5 3,0 3,2
Россия 3,9 3,0 1,2 8,7
1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо

 

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 

 

 

 


Last updating: 17.09.2025, 14:15