2025-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Коллегиясынын отуруму

Publications: 25.07.2025


2025-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын кеңейтилген жыйыны өтүп, анда статистика органдарынын ушул жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттер белгиленди.

Жыйындын ачылышында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов сөз сүйлөп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүндө оң динамика байкалганын белгиледи. Алдын ала баалоо боюнча, 2025-жылдын январь–июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 711,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга өскөн.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын өкүлү Эркин Бакиров, Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана аймактык статистика органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

  • 2022–2026-жылдарга карата расмий статистиканы өнүктүрүүнүн Орто мөөнөттүү программасынын иш-чараларынын аткарылышы;

  • 2025-жылга карата Статистикалык программанын аткарылышы;

  • Дүйнөлүк банктын «Статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорунун ишке ашырылышы;

  • Статистикалык ишмердүүлүктүн санариптик трансформациясы;

  • Айыл чарба каттоосун уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдык иштери.

Белгиленгендей, жылдын алгачкы алты айында Улуттук статистика комитети тарабынан 116 экспресс-маалымат, 50дөн ашык статистикалык бюллетень даярдалып, 2 статистикалык жыйнактын басылышы камсыздалды. Ошондой эле 50 миң респонденттен алынган 285 миңден ашуун статистикалык отчет формалары иштелип чыкты.

Жыйында статистика кызматкерлери жер-жерлерде маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана жайылтуу процессинде туш келген көйгөйлөргө токтолуп өтүлдү. Аймактык статистика органдарынын жетекчилерине чарба субъектилерин толук камтуу жана райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү сунушталды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына белгиленген айыл чарба каттоосуна даярдык маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду.

Коллегия жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюуга жана статистикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети заманбап, санариптик жана колдонуучуга ыңгайлуу статистикалык системаны түзүүгө багытталган иштерди улантат.


Last updating: 25.07.2025, 15:54