Publications: 03.10.2025
2024-жылы энергетика тармагынын ишканалары тарабынан республика боюнча 14,7 млрд. кВт. саат электр энергиясы өндүрүлдү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,5%га көп. Мында анын көлөмүнүн 88%га жакыны гидроэлектростанциялар тарабынан өндүрүлдү.
2024-жылдагы электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү
| |
Млн. кВт. саат |
|
| 2024-жыл 2023-жылга карата пайыз менен |
| 2023 |
2024 |
| Өндүрүлгөн электр энергиясы |
13 839,30 |
14 736,10 |
106,5 |
| Республиканын чегинен тышкары жактан |
3 488,80 |
3 841,50 |
110,1 |
| Керектелген электр энергиясы – бардыгы |
17 189,70 |
18 419,50 |
107,2 |
| жалпы көлөмдүн ичинен: |
|
|
|
| өнөр жай (анын ичинде коммуналдык - тиричилик кызматтарга жана калкка электр энергиясын бөлүштүрүү) |
8 607,00 |
8421,2 |
97,8 |
| айыл чарбасы (анын ичинде айыл калкына тиричилик керектөөлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрүү) |
3 669,70 |
4081,1 |
111,2 |
| башка тармактар |
2374,7 |
3 154,80 |
132,9 |
| жалпы жоготуулар |
2 538,30 |
2 762,30 |
108,8 |
| Республиканын чегинен тышкары чыгарылган |
138,4 |
158,2 |
114,3 |
2024-жылы 18,4 млрд. кВт. саат электр энергиясы керектелген. 158,2 млн. кВт. саат электр энергиясы республиканын чегинен тышкары чыгарылган (экспорттолгон), бул 2023-жылга караганда 14,3%га көп.
Керектелген электр энергиясынын жалпы суммасынын 68,9 млн. кВт. саатка жакыны жеке өндүрүштүк жана чарбалык муктаждыктарга жумшалган, бул 2023-жылга салыштырмалуу 35%га аз.
Муну менен катар, 2024-жылы, 2023 жылга салыштырмалуу билим берүү чөйрөсүндө электр энергиясын керектөө 4,9%га, айыл чарбасында (анын ичинде айыл калкына тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын бөлүштүрүү) - 11,2%га, , дүң жана чекене соода, ошондой эле унаа каражаттарын жана тиричилик буюмдарын оңдоо чөйрөсүндө электр энергиясын керектөө - 21,6%га, мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги чөйрөсүндө - 31,9%га, транспортто жана байланышта электр энергиясын керектөө 36,4%га, ошондой эле курулушта - 45,3%га электр энергиясын керектөө көбөйдү.
Муну менен бирге өнөр жайда (электр энергиясын тиричилик муктаждыктарына жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо) 2,2%га электр энергиясын керектөө төмөндөдү.
2024-жылы керектелген электр энергиясынын көлөмүнүн 45,7%ы өнөр жайдын үлүшүнө (электр энергиясын коммуналдык-тиричиликтик керектөөлөргө жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо), 22,2%ы айыл чарбасына (анын ичинде электр энергиясын калктын тиричилик керектөөлөрүнө бөлүштүрүү) туура келди, ал эми башка тармактардын жалпы көлөмдөгү үлүшү 17,1%ды түздү.
______________________________________________________________________________
Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | электрондук почта: a.mamanova @ stat.kg; | тел. + 996 (312) 66-40-44
Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар өз булактарына шилтеме кылууга милдеттүү (Расмий статистика жөнүндө мыйзамдын 30-беренеси).