Республиканын аймактарында 2025-жылдагы айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча окутуулар уланууда
Publications: 16.09.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети «Мобилдик тиркеменин негизинде айыл чарба каттоосун өткөрүү» деген темада үч күндүк окуу семинарын уюштурууда.
Семинар 2025-жылдын 16-сентябрынан 20-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле Талас облусунун кызматкерлери үчүн өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын аймактарында заманбап санарип технологияларды колдонуу менен айыл чарба каттоосун натыйжалуу өткөрүү үчүн квалификациясын жогорулатуу жана убактылуу алынган персоналдарды даярдоо болуп саналат. Буга чейин окутуу республиканын түштүк региондорунда өткөрүлгөн.
Семинарда мобилдик тиркемени кантип колдонуу керектиги боюнча тренингдер өткөрүлөт, бул каттоо учурунда маалыматтарды чогултуунун натыйжалуулугун жана тактыгын камсыз кылат.
Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (АЧУ) колдоосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлөт.
