Publications: 22.04.2025
2024-жылы республиканын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өсүп, 7,2 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 72,5%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул эле мезгилде 1,8 эсеге көбөйүп, 6 млрд. сомго жакынды түздү.
Жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1,3 млрд. сом сальдолоштурулган пайда алынган, бул 2023-жылга караганда 3 эсеге көп.
2024-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1,7 млн. камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 93%ы жеке жактар менен, 7%ы юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.
Түзүлгөн келишимдердин эң көп үлүшү оорулардан жана кокустан болгон кырсыктан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу (63%), жарандардын кыймылсыз мүлкүн милдеттүү камсыздандыруу (15%) жана ОСАГО келишимдерине (13%га жакын) туура келди.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйүп, 2024-жылы 5,2 млрд. сомду түздү. Келип түшүүлөрдүн эң көп өсүшү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери жана кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.
2024-жылы 22,5 миң камсыздандыруу учуру катталган, алардын ичинен 54%ы кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга туура келди.
Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 783 млн. сомго жакынды түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасынын 68% ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга, 9% - жеке медициналык камсыздандырууга жана 5%дан ОСАГО жана жарандардын кыймылсыз мүлкүн милдеттүү камсыздандырууга туура келген.
__________________________________________ _____________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).